Келдибеков үй камагына чыгарылды

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Бишкектин Биринчи май рай соту Акматбек Келдибековду үй камагына чыгарып, Германияга барып дарыланып келүүгө макул болду. Коррупциялык иштерге шектелип камакка алынган Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, “Ата-Журт” фракциянын депутаты Акматбек Келдибековду үй камагына чыгаруу чечими анын адвокатынын өтүнүчүнүн негизинде кабыл алынды.Райондук соттун чечимине ылайык, Келдибековдун ден соолугу калыбына келгиче соттук териштирүүлөр да убактылуу токтотулду.