Акматбек Келдибековду сотко алып келишти

Коррупциялык иштер боюнча шектелип жаткан Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, “Ата-Журт” фракциянын депутаты Акматбек Келдибековду Биринчи май райондук сотуна алып келишти. Анын саламаттыгы начардыгына байланыштуу буга чейинки сот жыйындары бир канча ирет жылдырылган болчу.

Жактоочу Татьяна Чильникина Келдибековдун ден соолугуна байланыштуу ага Германияда дарыланууга уруксат берүүсүн өтүндү. Акматбек Келдибеков болсо эч жакка качып кетпесин айтып, саламаттыгын ырастап алгандан кийин сот алдында жооп берүүгө даяр экенин айтты.

Акматбек Келдибеков коррупция боюнча айыпталып, өткөн жылы ноябрда кармалган. Келдибеков өзүнө коюлган айыптарды четке кагып келет. (UEz)