1-августтан тарта Орусияга Украинадан өсүмдүк майы, жүгөрү уну жана фасоль алып кирүүгө тыюу салынды. “Россельхознадзор” ишканасы бул чектөө фитосанитардык талаптардан улам киргизилгенин маалымдады.
Мурдараак Украинада чыгарылган суусундук жана балдар азыктарын Орусиянын аймагында сатпоо боюнча чечим кабыл алынган. Украин азыктары Бажы биримдигинин талаптарына жооп берүүчү атайын каттоодон өтпөгөндүктөн ушундай чара көрүлүп жатканы кабарланган.
“Россельхознадзор” ишканасынын жетекчиси Сергей Данкверт келерки аптадан тарта Орусия АКШдан тоок этин сатып алууну да токтоторун маалымдады. Ошондой эле Грециянын мөмө-жемиштерин сатып алууга да чектөө киргизилет. (SE)