Улуттук онкология борборунун балдар бөлүмүнүн башчысы кызматынан алынды

Мындай маалыматты саламаттыкты сактоо министрлиги таратты. Байзакованы кызматтан алуу чечими анын ишмердигин текшерген атайын комиссиянын бүтүмүнөн кийин кабыл алынган.

Буга чейин бир катар ата-энелер бөлүм башчынын бейтаптарга карата жасаган орой мамилелерин, анын ишиндеги шалаакылыктарын айтып, өлкө башчысына чейин арызданышкан. Интернеттеги социалдык тармактарда да Байзаковага каршы кол топтоолор жүргүзүлгөнү белгилүү. 15 эксперттен турган министрликтин комиссиясы буга чейин Улуттук онкология борборунун балдар бөлүмүндө бейтаптын оору таржымалын өзгөртүү сыяктуу бир катар мыйзам бузуулар табылганын билдирген.

Деген менен Дамира Байзакова ага карата айтылган дооматтарды четке кагып, ата-энелердин жүйөсүн каралоо катары баалап келет. (UEz)