Орусия ЮКОС мунай компаниясынын мурдагы акционерлерине 2,5 млрд доллар төлөп берүүгө тийиш. Мындай чечимди Адам укуктары боюнча Европа соту кабыл алды. ЮКОСтун акционерлери орус бийлиги мыйзамсыз айып менен компанияны тартып алды деп арызданышкан. Бул акыркы чечим эмес, Орусия үч ай ичинде доо арыз менен кайрылса болот. Орусиянын Юстиция министрлиги Европа сотунун чечимин адилетсиз деп атап, доо арыз менен кайрылаарын билдирди.
Буга чейин Гаагадагы Эл аралык арбитраждык сот да орус өкмөтүн ЮКОСтун мурдагы акционерлерине 50 миллиард төлөп берүүнү милдеттендирилген.
ЮКОСтун ырасмий ээси, орус президенти Владимир Путиндин каршылашы Михаил Ходорковский салык төлөөдөн качты, бөтөн бирөөнүн мүлкүн ыйгарып алды деп айыпталып, сегиз жылга соттолуп, былтыр мунапыс алган.