Австралия: учак кыйраган жерде 80дей адам сөөгү калууда

Австралиянын тышкы иштер министри Жулия Бишоп Малайзиянын учагы кырсыкка учураган жерде дагы 80ге жакын жүргүнчүнүн сөөгү калып жатканын айтып чыкты. Бишоп 31-июлда сүйлөп жатып, австралиялык жана голландиялык полиция менен тергөөчүлөрдөн турган топко украин бийлиги болушунча колдоо көрсөтүп жатканын, бирок кырсык болгон жер кооптуу экенин билдирди. Министр эксперттердин ишине Орусия тоскоолдук кылып жатат деген чочулоо бар экенин да четке каккан жок. Орусия бул айыптоону четке кагууда.

Учактын кыйроо себептерин иликтеген эл аралык эксперттер төрт күндөн бери учак кулаган аймакка бара албай жатышат. Буга аталган аймактагы өкмөттүк күчтөр менен жикчилердин салгылашы себеп болууда. Украиналык аскерлер учак кыйраган Донецк жана Луганск облусунун айрым аймактарын көзөмөлгө алышты.

17-июлда Украинанын чыгышындагы Донецк облусунун аймагында 298 адамы бар малайзиялык “Боинг-777” учагы кырсыкка учураган. Эл аралык коомчулук аны аймакка көзөмөлдүк кылган орусиячыл жикчилер атып түшүрдү деп шектенип жатышат. Жикчилер мындай айыптоону жокко чыгарып келишет.