Кулачын жайган “Оймо”

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Борбор Азиядагы уз-чеберлердин, кол өнөрчүлөрдүн башын бириктирген “Оймо” эл аралык фестивалы Чолпон-Атада уланып жатат. Аталган фестивалга Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан өлкөлөрүнөн келген 150гө жакын кол өнөрчү катышууда. Фестивалдын алгачкы бөлүгү 25-27-июлда Бишкекте өтүп, 2-августка чейин Көл жээгинде уланат. “Оймо” быйыл 9-жолу өтүп жатат. Иш-чаранын алкагында чеберлердин колунан жаралган буюмдар сатыкка коюлуп, каалоочулар үчүн атайын сабактар өткөрүлөт.