Кыргызстандан бала багып алууга АКШнын беш жаранына сот июль айынын этегинде уруксат берди. Сот чечими бир айдан кийин күчүнө кирет. Мындай маалыматты Социалдык өнүктүрүү министрлигинин үй-бүлөнү, баланы коргоо башкармалыгынын башчысы Марина Жапаркулова тастыктады. Бул ата-энелер бала асыроо боюнча сотко экинчи ирет кайрылып отурушат. Кыргызстанда чет өлкөлүктөргө бала асыроого мораторий киргизилгендигине байланыштуу алар 2009-жылдан бери кезекте турушкан.
Министрликтин маалыматы боюнча азыр багып алууга бериле турган 152 бала бар. Министрликтин билдиргенине караганда бала багып алууну каалоочулардын ичинен жергиликтүү ата-энелерге артыкчылык берилет.