Бүгүн ЖККУнун Кыргызстандагы аскердик машыгуулары башталат

“Майтарылгыс боордоштук” аттуу аскерий машыгууга катышуу үчүн Кыргызстанга уюмга мүчө беш өлкөнүн аскерлери келишти. Бул тууралуу “Азаттыкка” Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынан кабарлашты. Аскерлерин машыгууга жиберген мамлекеттердин ичинде Орусия, Беларус, Казакстан жана Армения бар.

Иш-чара үч күнгө созулуп, ага ЖККУга мүчө мамлекеттердин аскер башчылары жана уюмдун баш катчысы Николай Бордюжа катышмакчы. (SE)