Мэрия: Айдоочулардын талабын дароо орундатуу мүмкүн эмес

Айдоочулардын талаптары Бишкек шаардык Кеңеши менен Жогорку Кеңештин кийлигишүүсүз чечилбейт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын алдындагы шаардык транспорт башкармалыгынын башчысы Нурлан Абдыканов билдирди. Аталган эки орган тең жайкы эс алууда болгондуктан, талаптарды дароо кароо мүмкүн эмес экенин айдоочуларга түшүндүрүп жатабыз деди "Азаттыкка" шаар бийлигинин өкүлү.

28-июлда Бишкектик жүргүнчүлөрдү тейлеген кичи автобустардын айдоочулары иш ташташты. Алар акция аркылуу бийликтен жол кире акысын көбөйтүүнү, жол эрежесин бузган айдоочуларга айып пулду көбөйткөн жаңы мыйзамды өзгөртүүнү талап кылышты. Өзгөртүлгөн административдик кодекске ылайык айдоочулар 4-августтан баштап айыппулду жаңы тариф менен төлөй башташат.

Бишкек шаарында бул күнү коомдук транспорттон автобус менен троллейбустар гана иштеп жатат. Баш калаада жалпысынан 120 каттам боюнча 2600дөн ашык кичи автобус эл ташыйт. Аларга жүргүнчүлөр күндүз 10 сомдон, кечкисин 12 сомдон төлөшөт. (BkA)