Жалал-Абадда бөбөктөрдүн өлүмү көбөйдү

Облус аймагында жыл башынан бери 317 бир жашка чейинки балдардын өлүмү катталды. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 5 пайызга көп. Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, алты ай ичинде 13 миң 970 бала төрөлгөн. Жаш балдардын өлүмү Сузак жана Базар-Коргон райондорунда жана Жалал-Абад шаарында көп катталган. (RsK)