Жикчилдер Луганск облусунда жалпы мобилизация жарыялады

Өзүн-өзү жарыялаган Луганск элдик республикасынын жикчил лидери Украин армиясына каршы жалпы элдик мобилизация жарыялады. Валерий Болотов 24-июлда жарыялаган декрет Луганск облус элин колуна курал алып, “ыктыярчылардын” катарына кошулууга чакырды. “Биз ок атуучу курал кармай алган ар бир жаранды Луганск элдик армиясына чакырабыз", - деп айтылат жарлыкта.

Болотовдун айтышынча, жалпы элдик мобилизация Украин өкмөтү фронтко тарткан жаңы күчтөрдү талкалоо үчүн керек жана Луганск эли өздөрүнүн менталитетин аскерий кырдаалга ылайык өзгөртүп, душманга боор оорубашы керек.