Кубат Оторбаев КТРК башчылыгынан кетүү тууралуу арыз жазды

КТРКнын башкы директору Кубат Оторбаев. Архив.

Бул тууралуу “Азаттыкка” Кубат Оторбаев өзү кабарлады. Анын айтымында, өз ыктыяры менен 1-августтан тарта кызматтан кетүү тууралуу КТРКнын Байкоочу Кеңешинин төрагасы Илим Карыпбековдун атына арыз жазды. Оторбаев быйыл декабрь айында директорлук мөөнөтү бүтөөрүн белгилеп, ага чейин Байкоочу Кеңешке жаңы директорду тандоого мүмкүндүк берүү үчүн ушундай кадамга барганын билдирди.

Байкоочулар кеңешинин төрагасы Илим Карыпбеков бул маалыматты тастыктап, байкоочулар кеңеши арызды кабыл алганын билдирди. Анын айтымына караганда, учурда директордун милдетин аткаруучуга талапкер тандалып жатат.

Кубат Оторбаев Коомдук каналдын директорлугуна 2010-жылы Апрель ыңкылабынан соң дайындалган эле. Ага чейин ал "Азаттык" үналгысынын Бишкек бюросунун жетекчиси болуп бир нече жыл иштеген. (BkA)