Кыйраган учак жүргүнчүлөрүнүн сөөгү Нидерландга жөнөтүлө баштады

Харьков аэропортунан сөөктөрдү жөнөтүү учуру. 23-июль, 2014-жыл.

Харьков аэропортунан сөөктөрдү жөнөтүү учуру. 23-июль, 2014-жыл.

Бүгүн Украинанын Харьков шаарынан Нидерланддын Эйндховен авиабазасына 50 жүргүнчүнүн сөөгү жөнөтүлдү.

Малайзиялык учак кыйраганда курман болгон 298 жүргүнчүнүн 193ү Нидерланд жарандары. Нидерланд бүгүн кыйроо курмандыктары үчүн аза күтүүдө.

Жүргүнчүлөрдүн учак түшкөн аймактан жыйналган сөөктөрүнүн баары бул өлкөгө 25-июлга чейин жеткирилет деп күтүлүүдө.

Бирок Австралиянын премьер-министри Тони Эбботтун айтымында, украиналык жикчилер көзөмөлдөгөн аймакта дагы канча жүргүнчүнүн сөөгү калганы белгисиз.

Мунун алдында нидерланддык эксперттер Харьковдон алар 200 гана жүргүнчүнүн сөөгүн аныктай алганын билдиришкен. (UE)