Апрель окуясы боюнча өкүм угузуу уланууда

Бишкек гарнизонунун Аскердик сотунда 2010-жылдагы Апрель окуясы боюнча сот өкүмүн угузуу уланууда. Бүгүн ишти карап жаткан судья Дамир Оңолбеков күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүн окуп жатат. Буга чейин өкүмдү угузуу үч күндө бүтөөрү айтылган, бирок жуманын аягына барчудай.

Апрель окуясы боюнча соттук териштирүү башталганына 3,5 жылдан ашты. Айып мурунку президент Курманбек Бакиев баштаган 28 адамга тагылган.

Башкы прокуратура мурдагы президент Курманбек Бакиев, анын иниси Жаныш Бакиев жана мурдагы өкмөт башчы Данияр Үсөновду сыртынан өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратуу сунуштаган.

УКМКнын мурдагы төрагасы Мурат Суталиновго, мурдагы Мамлекеттик күзөт кызматынын башчысынын орун басарлары Нурлан Темирбаев менен Данияр Дунгановго 25 жылдан, мурдагы Баш прокурор Нурлан Турсункуловго, президенттик аппараттын мурдагы башчысы Каныбек Жороевге, президенттик катчылыктын башчысы Оксана Малеванаяга 15 жылдан, мурунку баш прокурор Элмурза Сатыбалдиевге, мурдагы президенттин уулу Марат Бакиевге 10 жылдан камак мөөнөтү керек экени айтылган.

Ал эми атайын даярдыктагы “Альфа” бөлүгүнүн жана мурдагы Мамлекеттик күзөт кызматынын аскерлерин "адам өлтүрүү" айыбы боюнча актоо, "ишенип берилген куралды жоготуу" айыбы боюнча эки жылга кесүүнү сунуштаган. (BkA)