Экс-мэр Нариман Түлеевдин соту Бишкек шаардык сотунда бүгүн уланат. 22-июлга белгиленген жараянга Түлеев менен бирге айыпталып жаткан мэрия кызматкерлеринин биринин адвокаты келбей, сот отуруму болбой калган.
Жогорку Кеңештин оппозициядагы депутаты Нариман Түлеев 2012-жылы августта “мэр болуп иштеген кезде мамлекеттик бюджетке зыян келтирген” деген айып менен камалган. Былтыр жайында Бишкектин Ленин райондук соту аны 11 жылга кескен. Бирок депутат ага макул болбой, шаардык сотко арызданган. Түлеев учурда УКМКнын тергөө абагында жатат.