Кыргызстан акыл оюндарында чемпион болду

22-июлда Чехиянын Пардубице шаарында өткөн спорттун интеллектуалдык түрлөрү боюнча олимпиададан кыргызстандыктар 2 алтын, 2 күмүш медал тагынып кайтты.

Тогуз коргоол федерациясынын вице-президенти Эрлан Бекмамбетовдун "Азаттыкка" айтымында, Кыргызстандын өкүлдөрү тогуз коргоол, овари жана бао оюндарына катышкан. Тогуз коргоол боюнча мелдеш чоңдор жана өспүрүмдөр арасында деп экиге бөлүнүп өттү. Ага Кыргызстан, Казакстан, Орусия, Австрия, Италия, Швейцария, АКШ жана Чехиянын оюнчулары катышты.

Жыйынтыгында Азиянын эки жолку чемпиону, кыргызстандык Анарбек Жамакеев казакстандык Нурбек Кабиевден жарым упай артта калып, экинчи орунду ээледи.

Өспүрүмдөрдүн акыл таймашында Туйгунбек Талантбек уулу мүмкүн болгон беш упайдын баарын тең утуп, олимпиаданын чемпиону аталды.

Бао оюну боюнча мелдеште Жазгүл Урматова баш байгени утуп алды. Овариден Мирлан Кудайбергенов күмүш байгелүү болду. (КМа)