Сарпашев: Баткенде күйүүчү май аткезчилиги токтобой жатат

Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев өкмөттүн жыйынында билдирди. Анын айтымында, өкмөттө Баткенден мыйзамсыз жол менен күйүүчү майды коңшу Тажикстанга ташып кетип жатышканы тууралуу маалымат бар. Бул да өлкөдө күйүүчү майдын кымбатташын шарттап жатат. Мындан улам Сарпашев Бажы кызматы жана күч органдарына кара май аткезчилигине өзгөчө көңүл бурууну тапшырды.

Баткендик дыйкандар облуска келген кара майдын көбү коңшу өлкөгө ташылып кеткендиктен анын баасы кымбат болуп, таңкыстык кыйнарын ар дайым жазында жана күзүндө айтып келет. Жергиликтүү айрым байкоочулар жана тургундар аткезчилик соодасынын артында таасирлүү аткаминерлер турарын белгилеп келет. (BkA)