Митинг учурунда кармалгандардын айрымдары кое берилди

Аламүдүндө жер сатууга каршы чыккан нааразылык акциясынын төрт катышуучусу административдик жоопко тартылат. Бул тууралуу «Азаттыкка» Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан кабарлашты. Шаардык милициянын өкүлү Олжобай Казыбаевдин билдиришинче, акция учурунда кармалган 30га чукул адам эскертүү алып, кое берилди. Ал эми коомдук тартипти бузду деп шектелген төрт адамдын жоопкерчилиги Биринчи Май райондук сотунда каралмакчы.

Бүгүн Жогорку Кеңештин алдында Аламүдүн районунун Кара-Жыгач айылынын тургундары нааразылык акциясын өткөргөн. Алар аталган айылга караштуу 42 гектар жерди Жогорку Кеңештин депутаты Карганбек Самаков "мыйзамсыз кестирип алып сатып баштагана" нааразылыгын билдирген. Акция учурунда аларды милиция кармап кеткен болчу. (BkA)