Апрель окуясы боюнча сот өкүмү угузула баштады

Бүгүн Бишкек гарнизонунун Аскердик сотунда 2010-жылдагы Апрель окуясы боюнча сот өкүмү угузула баштады. Учурда ишти карап жаткан судья Дамир Оңолбеков өкүмдү угузуу тартибин аныктап жатат. Анын айтымында, өкүмдү угузуу бир нече күнгө созулмакчы. Сотко катышып жаткан “Азаттыктын” кабарчысынын айтымында, имаратта коопсуздук чаралары күчөтүлгөн. Жүздөгөн милиция кызматкери тартипке көз салууда.

Апрель окуясы боюнча соттук териштирүү башталганына 3,5 жылдан ашты. Материалдардын жалпы көлөмү 64 томго жетти. Айып мурунку президент Курманбек Бакиев баштаган 28 адамга тагылган. Алардын арасында мурдагы бийлик учурундагы мамлекеттик жогорку кызматкерлер, “Альфа” атайын кызматынын жана Мамлекеттик күзөт кызматынын офицерлери бар. Буга чейин прокуратура Бакиевдерди өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратууну сураган.

300дөн ашуун адам жабыркагандардын тизмесинде. Эки тараптын кызыкчылыгын коргогон адвокаттардын жалпы саны 20дан ашат. Мамлекеттик айыптоо тарабынан ишке 7 прокурор тартылган. (BkA/ZB)