Орусиядан Кыргызстанга акча которуу азайууда

Орусиянын Борбордук банкынын отчетунда ал жакта иштеп жүргөн кыргызстандыктар үйүнө мурдагыга салыштырганда азыраак акча которо баштаганы айтылат. Бул тууралуу “Замандаш” бирикмеси кабарлады. Маалыматка ылайык, быйылкы жылдын алгачкы чейрегинде кыргызстандыктар которгон акчанын жалпы суммасы 392 миллион 920 миң долларды түздү. Бул сан өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 4 миллионго аз.

Борбордук банктын талдоосунда жылдын биринчи чейрегинин акыркы айларында акча жөнөтүү кескин азайганы айтылат. (SE)