Украинанын чыгышында өзүлөрүн "Донецк Элдик Республикасы" деп атап алган аймак лидери кыйраган малайзиялык учактагы кара кутучулар табылганын, эми алар Эл аралык авиация уюмуна өткөрүлүп берилээрин кабарлады. Өзүн жикчил аймактын премьер-министри деп атап алган Александр Бородай бул тууралуу 20-июлдагы маалымат жыйынында жарыялады. Козголоңчул күчтөр 17-июлда кыйраган учак кулап түшкөн аймакты, Орусиянын чек арасына жакын Торез шаарынын тегерегин көзөмөлдөшөт. Кыйраган учакта 298 адам набыт болгон. Алардын кеминде 196сынын сөөгү Торездеги муздаткыч орнотулган вагондорго жеткирилди.