Жалал-Абадда 26 үй-бүлө коопсуз жайга көчпөй жатат

Жалал-Абад шаарындагы 26 үй-бүлө табият кырсыгы күтүлгөн Курортная подхоз көчөсүндөгү турак-жайларынан көчүүгө макул болбой жатат. Бул тууралуу шаардын вице-мэри Турдали Турдубаев билдирди.

- Аларга шаардын "Дача" микрорайонунан жер тилкелери бөлүнгөн жана мамлекеттик ссуда берүү жагы каралган. Бирок мамлекеттен берилген 200 миң сомго турак-жай курууга мүмкүн эмес дешип, кооптуу жайдагы үйлөрүнөн көчпөй турушат,- деди Турдубаев.

Аталган аймакта жаз айларында сел жана жер көчкү жүрүү коркунучу күч болгондуктан Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан 26 үйдү коопсуз жайга көчүрүү чечими чыккан эле. (YA)