Керри кыйраган учактын иликтөө ишине кабатыр

АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри Украинанын чыгышында тергөө тобунун кырсык болгон жердеги иликтөө иштерине жикчилдер тоскоолдук жаратпагыдай шарт түзүп берүү керектигин билдирди.

Керри учакта мерт болгон 298 адамдын сөөгү жана кыйраган учактын калдыктары жикчилдердин айынан тергөө тобуна жеткиликтүү болбой жатканына кабатыр. Ал Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровго кырсык катталган жерге ЕККУ байкоочуларынын жана эл аралык эксперттердин толук кандуу иш жүргүзө албай жатканын айтты.

Украина орусиялык жикчилдерди маркумдардын кол тийбестигине шек келтирип, кыйраган учактын далил заттарын жашырууга аракет кылды деп айыптоодо. (UEz)