Киев: Жикчилер учак кырсыгын иликтөөгө тоскоол кылууда

Орусия колдогон куралчан жикчилер Донецк облусунда кыйраган учак боюнча иликтөө жүргүзүүгө тоскоолдук жаратып, бул окуяга тиешеси бар экенинин далилдерин жок кылууга аракет жасоодо. Бул тууралуу бүгүн Украина өкмөтү билдирди.

Расмий билдирүүдө жикчилер тиешелүү мамлекеттик органдардын иликтөө баштоосуна жана окуя болгон жерге эл аралык байкоочулардын барышына мүмкүнчүлүк бербей жатканы айтылат. Өкмөттүн маалымдашынча, 38 сөөк Донецк шаарынын өлүкканасына жеткирилди жана ал жакта эл аралык күбөлөрсүз изилдениши ыктымал.

17-июлда Голландиядан Малайзияга учуп бараткан Боинг 777 учагы жикчилер менен өкмөттүк аскерлер кармашып жаткан Донецк аймагында атып түшүрүлгөн. Ичиндеги 298 жүргүнчүнүн баары мерт кеткен. (RK)