Маматалиев: ИИМ кылмыштуулук статистикасын бурмалоодо

Милициянын өлкөдөгү кылмыштуулуктун абалы боюнча статистикалык маалыматынын бурмаланышы дагы эле токтой элек. Бул тууралуу вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев кечээ Ички иштер министрлигинин жарым жылдын жыйынтыгы боюнча отурумунда айтты. Көрсөткүчтөрдү ылайыктап жазуунун айынан жарандардын укугу жана эркиндиги бузулуп жатканын айткан Маматалиев мындай тыянак атайын жүргүзүлгөн анализдин жыйынтыгы боюнча чыгарылганын билдирди. Ал ички иштер органдарынын ишин баалоонун жаңы критерийлерин колдонуу керектигин айтты. Бул багытта пилоттук долбоор ушул айда иштей баштамакчы.

Кечээ ИИМде өткөн жыйында түрдүү кылмыштар тууралуу жарандардан арыз-даттануу көбөйгөнү, айрыкча тоноо, мал уурдоо көп катталып жатканы айтылды. (RK)