“Тазалык” борборду тазартат...

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Бишкек көчөлөрүндөгү үйүлгөн таштандылар убагында чыгарылбай шаардыктарга ыңгайсыздык жаратып келет. Бирок “Тазалык” ишканасынын башчысы Замирбек Асанбаев мындан ары бул көрүнүштөр кайталанбайт деп убада кылды. Анын айтымында, башкалаа жумалап топтолгон таштандылардан толугу менен арылды. Тазалыкта 150гө жакын атайын техника бар жана 1600дөн ашык жумушчу иштейт.