Украинада кулап түшкөн учактын экинчи "кара жашиги" табылды

"Малайзия аба жолдоруна" таандык учак кулаган жерде экинчи "кара жашик" табылды. Адистер андагы маалыматтын жардамы менен кырсыктын алдында эмне болгонун аныктоого үмүттөнүшөт. Аймакты көзөмөлдөгөн орусиячыл жикчилер кечээ табылган бир жашиктин Москвага экспертизага жиберилгенин ырасташууда.

"Боинг 777" учагында бараткан 298 кишинин бардыгы каза тапкан. Жикчилер окуя болгон жерге эл аралык иликтөөчүлөр кое берилсин дешүүдө.

Экинчи кара жашикти ким текшерери азырынча белгисиз. АКШ президенти Барак Обама бардык далилдер кырсык болгон жерде калууга тийиш деген пикирде. Украина өкмөтү учакты орусиячыл жикчилер атып түшүрдү деп айыпташууда. Жикчилер жана орус президенти Владимир Путин кырсык үчүн Киевди күнөөлөшөт.