CPJ абактагы Аскаровдун ишин кайра кароого чакырат

2-июлда Кыргызстандын башкы прокурору Вашингтондогу сапары маалында "Журналисттерди коргоо комитетинин" жана башка уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушту. Комитеттин билдирүүсүнө ылайык, Аида Салянова кызмат абалынан ашыкча пайдаланган деген шек менен сот, прокуратура жана күч органдарынын башка кызматкерлерине каршы 20дан ашуун иш ачылганын айткан. "Тилекке каршы укук коргоочу, өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган Азимжан Аскаровду камоого жооптуу адамдардын иши иликтенип жатат деген белги жок", - деп айтылат билдирүүдө. Комитет Аскаров абакта кыйноолорго, адвокаттары болсо коркутуп-үркүтүүлөргө туш болуп, соту көптөгөн мыйзам бузуулар менен өткөн деп ырастайт. “Апелляциялык арызды кароо болсо Аскаров мурда журналисттик иликтөөлөрүндө сындаган судьяларга тапшырылган. Албетте, алар сот процессинде эч кандай мыйзам бузууларды тапкан эмес” - деп жазылган билдирүүдө. Аскаров 2010-жылкы июнь окуясы учурунда милиция кызматкерин өлтүрүүгө айыптуу деп табылган.