Кабул аэропортуна кол салгандар жок кылынды

Кабулдун эл аралык аэропортуна чабуул койгон бардык 4 согушкер жок кылынды. Бүгүн эртең менен "Талибандын" 4 мүчөсү аэропорттогу курулуп бүтө элек имаратка граната ыргытып, аткылашкан. Ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Седик Седикки жоочулар полициянын тандалма бөлүгүнүн аскерлери тарабынан өлтүрүлгөнүн бышыктады.

- Коопсуздук күчтөрү жоготууга учураган жок, - деп кошумчалады Седикки.

Кол салуу үчүн жоопкерчиликти "Талибан" өзүнө алды. Аэропорттун жанында НАТО баштаган эл аралык контингенттин аскердик базасы орун алган. Жарым жылдан кийин чет элдик күчтөрдүн негизги бөлүгү Ооганстандан чыгарылууга тийиш.

Ал тапта Көз карандысыз шайлоо комиссиясы президенттик шайлоонун экинчи турунда берилген добуштарды кайра саноону улантууда.