“Кыргызстанда элеттик аялдардын ишкердигин өнүктүрүү” аттуу II республикалык конференция эки күнгө созулат. Максаты - аялдар үчүн ишкерлик чөйрөсүндө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачуу.
Жыйында негизинен айыл жериндеги ишкер айымдардын көйгөйлөрү талкууланат. Эксперттердин катышуусу менен секциялык иштер жүргүзүлүп, элеттик ишкер айымдарды колдоого багытталган ыкмалар иштелип чыгат.
Конференцияга өлкөнүн 7 дубанынан 100дөн ашуун айылда ишкерлик менен алектенген аялдар келди.
Иш-чаранын жүрүшүндө кол өнөрчүлөр ала келген буюмдардын жарманкеси да өтөт.
Социалдык өнүгүү министрлиги уюштурган мындай конференция алгач былтыр Баткенде болгон. (TSh)