АКШ жана Евробиримдик Орусияга санкцияларды күчөттү

Кошмо Штаттар жана Европа Биримдиги Украинага байланыштуу Орусияга каршы санкцияларды күчөткөнүн 16-июлда жарыялады. Вашингтон биринчи жолу Орусиянын банк, аскер жана энергетикалык тармактарына санкция киргизди. Президент Барак Обама жаңы санкциялар Москва Украинадагы кырдаалды жөнгөрүү үчүн эч кандай чара көрбөгөнү үчүн кабыл алынды деди:

- Биз Орусиянын бир катар аскерий багыттагы ишканаларынын активдерин тоңдурабыз. Орусиянын эң маанилүү банк жана энергетикалык компанияларын финансылоого тосмо коебуз. Бул санкциялар олуттуу, алар Орусияга таасир этүүгө багытталган. Ошол эле мезгилде АКШ жана союздаштарыбызга зыян келтирбөөсүн караштырат.

АКШнын санкциялары “Роснефть”, “Внешэкономбанк”, “Газпромбанк”, НОВАТЕК “Алмаз-Антей”, “Калашников” сыяктуу ири компанияларды камтыйт. Европа лидерлери Орусияга жаңы санкцияларды июль айынын соңунда жарыяларын билдирди. Алар Европа өнүктүрүү жана Биримдиктин инвестициялык банкына Орусияга насыя берүүнү токтотууну сунушташты. (AiT)