Эл аралык валюта корунун миссиясы Кыргызстанда болду

Валюта корунун Кыргызстандагы кеңсесинин шаршемби күнү маалымдоосуна караганда, анын миссиясы 9-15-июлда Бишкекте болуп кетти. Миссия Кыргызстан экономикасы быйылкы жылы 104.1% өсөт, ал эми инфляция 9.8% жетет деп болжолдойт. Экономикалык активдүүлүктүн басаңдашынан бюджеттин тартыштыгы көбөйүшү мүмкүндүгүн белгилейт.

Кыргыз өкмөтү Эл аралык валюта коруна макроэкономикалык туруктуулукту сактоо жана структуралык реформаларды жүргүзүү жолунан кайтпасын билдирген. (AiT)