Каржы министрлиги бюджет боюнча коомдук угуу уюштурат

Министрликтин маалымдоосуна караганда, 22-июлдан 25-июлга чейин Баткен, Ош, Каракол жана Нарын шаарларында бюджеттик угуулар өткөрүлөт. Анда 2015-жылдан 2017-жылга чейинки республикалык бюджет долбоору талкууланат.

Мындай талкуулоо менен министрлик региондордун талабын угуу, байланыш түзүү жана сунуштарды кабыл алуу максатын көздөйт. (AiT)