Москвада эл Сахаров борборунда коомдук ишмер жана оппозициялык саясатчы Валерия Новодворская менен коштошту. Новодворскаяны акыркы сапарга узатууга белгилүү саясатчылар, журналисттер менен укук коргоочулар катышты. Маркум 12-июлда оорудан көз жумган. Новодворская журналист, укук коргоочу, “Демократиялык биримдик” либералдык партиясынын негиздөөчүсү болчу. Орусия, Украина президенттери, бир катар мамлекеттик кызматкерлер маркумдун жакындарына көңүл айтышты.