Евробиримдик Орусия жана жикчилерге каршы санкцияны күчөтүшү мүмкүн

Евробиримдиктин лидерлери бүгүнкү жолугушууда Орусияга жана Украинадагы орусиячыл жикчилерге каршы жаңы санкцияларды жактырышы ыктымал. Дипломаттардын айтымында, 28 мамлекет кирген блоктун жетекчилери санкция колдоно турган аткаминерлердин тизмесин кеңейтүүнү колдошот деп күтүлүүдө. Бирок Орусиянын экономикасын бутага алган чаралар, сыягы, кабыл алынбайт. Андай масштабдуу санкцияларды АКШ менен катар шаркеттин Польша жана Балтика мамлекеттери өңдүү мүчөлөрү жактап келишкен.

Буга чейин айрым маалымат каражаттары кабарлагандай, АКШнын вице-президенти Жо Байден Украина президенти Петро Порошенкого “Орусия жаңжалдын эскалациясына салым кошуп жаткандыгы үчүн жооп бериши керек деген маселе европалык лидерлер менен талкууланып жатканын" билдирген.