Ноокенде унаадан агып кеткен күйүүчү майдан жабыркаган короо сарай ээлерине “Транс-Азия” ишканасы 489 миң сом төлөп берди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
12-июль күнү Ноокен районуна караштуу Момбеков айыл аймагынын Чек кыштагында күйүүчү май ташып бараткан унаа кулап кетип, беш үйдүн сарайы жана бир пахта тытуучу цех жабыркаган.
АИ-80 үлгүсүндөгү 38 тонна күйүүчү май төгүлүп, сугат каналы менен 2 чакырымдай агып барып, күйүп кеткен. Адам өмүрүнө зыян келген жок.
28 жаштагы Таалайбек Асанкожоев айдап бараткан Freightliner үлгүсүндөгү унаа “Транс-Азия” фирмасына таандык болгон. (SE)