Бишкекте “Ак илбирстин изи менен” аттуу көргөзмө өтүп жатат

Ак илбирсти жана башка сейрек кездешүүчү жаныбарларды коргоого багытталган фотокөргөзмө Гапар Айтиев атындагы көркөм өнөр музейинде 10-июлда башталган. Ага фотожурналисттер уюмунун өкүлдөрү быйыл кышында Кыргызстандын түрдүү аймактарынан тарткан 100дөн ашуун сүрөтү коюлган.

Акысыз көргөзмө 20-июлга чейин уланат. Бул тууралуу уюштуруучулар маалымдады. Иш-чара табиятты коргоого чакырык жасоо максатында уюштурулган. (SE)