Киев Орусия тарапка ок чыгарбаганын билдирди

Украинанын улуттук коопсуздук кеңешинин өкүлү Андрей Лысенко өлкөнүн чыгыш тарабындагы атайын операцияга катышып жаткан украин армиясы орус аймагына карата ок чыгарбаганын билдирди.

Орус бийлиги Украина тарабынан чыгарылган фугастар Ростов областындагы турак үйдүн эшигинин алдына түшкөнүн жана андан бир киши мерт кетип, жарат алгандар болгонун билдирүүдө. Орусиянын тергөө комитети окуянын чоо жайын иликтеп жатат. Азыр снарядды ким чыгарганы белгисиз.

Буга чейин Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Григорий Карасин орус жаранын өлүмү үчүн өч алынарын убада кылган. Андан соң тышкы иштер министрлиги билдирүү таратты. Анда “Бул окуя орус-украин чек арасындагы чыңалуу курч, кооптуу экендигин көрсөттү. Ал орду толгус кесепеттерге алып келиши ыктымал жана бул үчүн жоопкерчилик украин тарапка жүктөлөт ”, - деп айтылат.