Ноокатта жоголгон наристенин сөөгү табылды

Бул туурасында “Азаттыкка” Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Абдышарип Бекилов билдирди. Сууга агып кеткен эки жашар наристенин денеси Абшыр-Сай суусунун төмөн жагынан табылды.

Кечээ Баглан айылынын тургуну Өмүрбек Куштаров эки жашар уулу менен Абшыр-Ата эс алуу жайына барып, ошол жактан баласын жоготуп жиберген. Издөө иштерин жүргүзүүгө Кызыл-Кыя шаарындагы №4 мобилдик тоо-кен кырсыктарынан куткаруу кызматынан беш куткаруучу тартылган болчу. (AzK)