Долон ашуусу боюнча комиссия түзүлдү

Нарындагы Долон ашуусун жапыздатууга байланыштуу пикир келишпестикти териштирүү үчүн атайын комиссия түзүлдү. Бул тууралуу "Азаттыкка" өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Аманбай Кайыпов билдирди.

- Комиссия түзүүнү министрге сунуштадым. Бизге кайрылуулар көп келип жатат. Курамдын башында өзүм турам. Буюрса, комиссия иштеп баштадык.

Долон ашуусун жапыздатуу аркылуу жолду жакшыртуу долбооруна Нарындагы жүк ташып иштеген жеке ишкерлер "жердин шарты, аба ырайы эске алынган эмес" деп нааразы болуп жатат. Алардын сунушу жактырылса ашууну жапыздатуунун ордуна бир чакырымдай жаңы жол салынат. Азыр Долон ашуусун 13 метр жапыздатуу иши жүрүүдө.

Узундугу 500 чакырымдан ашкан Бишкек - Нарын - Торугарт жолун эл аралык донорлор жана Кытайдын бир нече компаниясы курууда. Курулуш 2010-жылдын жаз айларында башталган. Азырынча жалпы чыгымдын суммасы так айтыла элек.

Долон ашуусунун бийиктиги деңиз деңгээлинен 3 миң метр жогору.(TSh/RK)