Баткенде айланма жол курууну улантуу дагы эки апта кийинкиге калды

Көк-Таш – Ак-Сай – Тамдык жолунун курулушун улантуу дагы эки апта кийинкиге калтырылганын бүгүн Бишкекте маалымат жыйынында коопсуздук боюнча вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев билдирди. Анын айтымында, учурда Ак-Сайдагы абал толук турукташты деп айтууга болбойт. "Түн тынч өттү, күч кызматкерлери иштеп жатат. Коопсуздукту камсыз кылууга кудуретибиз жетет" деди вице-премьер.

Тажикстандын Ворух анклавын айланып өтүүчү унаа жолду куруу иштери быйыл январь айында башталган. Бирок тажик тараптын каршылыгына кабылып, чек арада чыр чыккан. 10-июлда да Тамдык айылында куралдуу кагылыш тутанган.

Маматалиевдин белгилешинче, жолду курууну токтото турууну тажик тарап "кырдаал жөнгөрүлгөнчө" деп өтүндү. (JsO/RK)