Жоомарт Оторбаев Монголиядан бүгүн кайтып келет

Беш күн мурда Монголияга бир күндүк иш сапар менен жөнөп кеткени кабарланган премьер-министр Жоомарт Оторбаев Бишкекке бүгүн кайтып келет. Бул тууралуу «Азаттыктын» өзүнүн ишенимдүү булагы билдирүүдө.

Расмий делегациянын курамында парламенттеги «Ата Мекен» жана КСДП фракцияларынын башчылары Өмүрбек Текебаев менен Чыныбай Турсунбеков да бар. Текебаевдин консультанты Нуржан Таштановдун «Азаттыкка» билдиргенине караганда Өмүрбек Текебаев да делегация менен бирге кайтып келатат. Турсунбековдун жардамчысы Дилбара Осмонованын айтымында, Чыныбай Турсунбеков да Оторбаев менен чогуу бүгүн учуп келиши керек.

Өкмөттүн маалымат кызматы 8-июлда премьер-министр Монголияга бир күнгө кеткенин расмий жарыялаган. 11-июлда өкмөттүк аппараттын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Гүлнура Төралиева Оторбаев Кыргызстанда экенин «Азаттыкка» айткан болчу. Бүгүн ал казак премьер-министри Карим Масимов менен жолугушууга даярданып жатканын билдирди.

«Манас» эл аралык аэропортунун сайтындагы маалыматка караганда, Улан-Батордон келаткан учак Бишкекке саат 13.25те конот. Оторбаев ошол рейс менен келет. (JsO/RK)