Президент Чек ара кызмат башчысы менен Баткендеги абалды талкуулады

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Раимберди Дүйшөнбиевди кабыл алды. Президенттин маалымат кызматынан кабарлашкандай, 10-июлда кыргыз-тажик чек ара участогунда болгон куралдуу окуянын жагдайлары талкууланды.

Атамбаев чек араны чыңдоо жана аны кайтарууну күчөтүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

10-июлда Тамдык деген жерде чек ара чатагы чыгып, кыргызстандык бир чек арачы аскер жараат алган. Ал эми тажик тарап бир жараны мерт кеткенин кабарлоодо. (RK)