Чек арадагы жаңжалда жабыркаган кыргыз жоокери ооруканада

Кыргыз-тажик чек арасында болгон кечээ күнкү жаңжалда жабыркаган кыргызстандык бир аскер Баткендеги ооруканада дарыланууда. Абалы канааттандырарлык. Кечээ тажик аскерлери Кыргызстанды көздөй гранатомет менен аткан учурда ага таш тийген. Мамлекеттик чек ара кызматынын башчысы Райымберди Дүйшенбиев аскердин баш мээси чайкалганын “Азаттыкка” билдирди.

10-июль күн түшкө жуук чек арачылардын катышуусунда куралдуу кагылышуу болуп, бир тажик аскери өлгөнү, кыргыз чек арачылары каршы чыккан бир нече тургун жаракат алганы айтылган. Эки тарап карама-каршы билдирүүлөрдү таратып, окуя үчүн бири-бирин күнөөлөп жатышат.

Чек арадагы Тамдык аймагынан Тажикстандын Ворух анклавына жана Кыргызстандын Ак-Сай айылына жол каттамдары жабык жана абал чыңалуу бойдон турат. Кечээ түнгө чейин эки тараптын тийиштүү жетекчилери жолугуп, атышууну токтотуу тууралуу макулдашкан. (SE)