Иракта тобу менен атылган кишилердин сөөгү табылды

Бабил провинциясындагы Хилла шаарында коопсуздук кызматкерлери 53 эркек кишинин өлүгүн тапты. Сөөктөрдүн баарынын буту-колу байланып, башына же көкүрөгүнө атып өлтүрүлгөнү аныкталды. Болжол менен бир жума мурун апаат болушкан. Аларды кимдер, эмне үчүн өлтүргөнү жана сөөктөрдүн өздүгү аныктала элек.