Кышкыга көмүр сатып алуу үчүн 2,6 миллиард сом керектелет

Быйылкы кышкы сезонго көмүр сатып алуу үчүн 2,6 миллиард сом талап кылынат. Бул тууралуу “Азаттыкка” энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев билдирди. Анын айтымында, министрлик бул каражатты бюджеттеги субсидия, насыя алуу жана ремонт иштерине кеткен каражаттардан 1,7 миллиард сомду кыскартуу менен табууну көздөп жатат. Быйыл Казакстандан 630 тонна, өлкө ичинен 400 тонна көмүр сатып алуу мерчемделүүдө.(BkA/AiT)