"Ижарачылардын мекени"

Мындай батирлерге негизинен аймактардан иш издеп келип, отурукташып калган эмгек мигранттары киришет.

"Дордой "базарынын тегерегендеги конуштарда эбин тапкандар заманбап шарттары эске алынбаган чакан бөлмөлөрдү чүргөп, ижарага берип турушат.

Жаңы конушка кирериңиз менен эле "ижара берилет" деген жарнамага кезигесиз.

Батирге орто эсеп менен 2 миң сомдон 4 миң сомго чейин ижара акы, андан тышкары электр энергиясы, таштанды үчүн, суу үчүн өзүнчө акы төлөнөт.

Короосу тосулбаган ижараларда жашоо кооптуу. Себеби эшигин көчөдөн өткөн мастар жөөлөп кетиши мүмкүн.

Айрым короолордо айланта салынган жыйырма чакты ижара бар. Эң кеминде ар бир бөлмөдө үчтөн киши жашайт.

Ата-энеси жумуштан келерин күткөн балдар

Дээрлик бардык эле бөлмөлөр тар. Аянты 6-7 чарчы метрдин тегерегинде. Ал аянт ижара ээсине ашкана да, уктоочу бөлмө да болуп берет.

Кийинки кездерде колунда барлар батирчилер үчүн контейнерлерден эки кабат үйлөрдү сала баштады.

Ижарачылардын балдары автоунаа өткөн көчөлөрдө ойношот.

Кезектеги ижарачылар үчүн курулуп жаткан саман үй

Батирчилер жумуштан чарчап келип тамак жасаганга үлгүрбөй калса аларды күтүп алар "кафелер" да бар.

Бүтпөй жатып кардар чакырган ижара.

Бул ижаралар жаш балалуулар үчүн шарты жок. Бирок ага карабай неристелер чоңоюп жатат.

Такыр өчпөй турган жарнама. Себеби ижарачылардын бири келсе, бири кетип турат