Баграмдагы жардыруудан 12 ооган менен НАТОнун 4 аскери өлдү

Ооганстандын чыгышында жайгашкан Парван провинциясынын Баграм районунда 8-июль күнкү жардыруудан жай тургундардан 10 киши, 2 полиция жана НАТОнун 4 аскери мерт кетти. Дагы 8 киши жараат алды. Арасында ымыркай да бар экени кабарланууда.

Велосипедчен жанкечти бомбаны чех жоокерлер Баграм районундагы госпиталга барган учурда жардырганын Парван провинциалдык өкмөтүнүн өкүлү билдирди. Окуяга жоопкерчиликти талиптер мойнуна алды.