МАИчилер "май кармайбы?” (2)

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Парламент жол кыймылы тууралуу мыйзамды бир топ катаалдатты, мындан ары мас абалында машине айдагандар 20 миң сомго чейин айыппул төлөйт же 3 жылга чейин айдоочулук күбөлүгүнөн ажырайт. МАИчилер бул мыйзам жол кырсыктарын азайтат деген жүйөөнү кармап атышат, айдоочулардын көпчүлүгү болсо бул тескерисинче МАИчилердин коррупциясын күчөтөт дешет. Бул ирет талкууга Республикалык жол-кайгуул кызматынын жетекчи орун басары Темиркан Керимбаев жана Бишкек шаардык МАИ башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Касымбек Раимкул уулу катышты.